Өмүралиев кыргыз-израиль өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

Өмүралиев кыргыз-израиль өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан КРнын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израилдин финансы министри Авидгор Либерман менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кош салык салуудан качуу жана инвестицияларды коргоо боюнча келишимге кол коюу, ошондой эле кыргыз-израиль өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде министр Либерман кыргыз тараптын жогорудагы сунуштарын кароого даяр экендигин билдирип, Израиль тарап айыл чарба тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.