Корея КРда кен казуу, ГЭС куруу жана өнөр жай технологияларын ар тараптуу колдоого кызыкдар

Корея КРда кен казуу, ГЭС куруу жана өнөр жай технологияларын ар тараптуу колдоого кызыкдар

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун (KIAT) президенти Йонг Чоль Сёк менен жолугушту. Бул тууралуу элчи өзү социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө текстиль тармагындагы корей-кыргыз технологиялык консультациялар жана тренингдер долбоорунун жүрүшү талкууланган.

"Ошондой эле жеңил өнөр жай тармагындагы келечектүү долбоорлор, атап айтканда Кыргызстанда текстиль өндүрүшү үчүн санариптик технологиялар жаатында кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү, ошондой эле суу ресурстарын башкаруу, тамак-аш өнөр жайы, текстиль технопаркынын курулушу, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана башка тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды", - деп жазган элчи.

Исмаилова климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык көйгөйүнө байланыштуу Кыргызстанга алдыңкы жашыл технологияларды тартууга көбүрөөк көңүл бурууну сунуштаган.

KIATтын президенти Йонг Чоль Сёк Түштүк Корея өкмөтүнүн чечиминин алкагында Кыргызстан жакынкы 5 жылда ОПР аркылуу гранттык жардам ала турган өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендигин белгиледи.

"Корея тарап Кыргызстан үчүн алдыңкы технологияларды эске алуу менен кореялык тажрыйбаны берүүгө көңүл бурууга ниеттенүүдө", - деген Йонг Чоль Сёк.

Мындан тышкары, KIATтын президенти корей тараптын кен байлыктарды казууга, ГЭСтерди курууга, ошондой эле өнөр жай технологияларын ар тараптуу колдоого кызыкдар экенин билдирди.