Эл аралык энергетикалык форумдун алкагында инвестициялык келишимге жана меморандумга кол коюлду

Эл аралык энергетикалык форумдун алкагында инвестициялык келишимге жана меморандумга кол коюлду

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” эл аралык энергетикалык форумунун алкагында инвестициялык келишим жана меморундумга кол коюлду.

Алсак, Ысык-Көл облусунда 1 миң МВт кубаттуулуктагы электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууга КР энергетика министри Доскул Бекмырзаев, КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана энергетикалык компаниялардын консорциумунун өкүлдөрү Чжао Чжанган (CPID компаниясы), Гу Хэйюнлер (CR20G компаниясы) кол коюшту.

Өз кезегинде Ысык-Көл облусунда 200 МВт кубаттуулуктагы күндөн энергия алуу станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна КР энергетика министри Доскул Бекмырзаев жана Испаниянын Ecoener энергетикалык компаниясынын өкүлү Рикардо Томас Герьереро кол коюшту.