Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлбөйт, бирок кымбатташы мүмкүн – Тайлаков

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлбөйт, бирок кымбатташы мүмкүн – Тайлаков

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин көтөрүлбөйт, бирок кымбаттоосу күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө КММнын 14 күнгө жете турган кору бар.

“13-14 сомго кескин көтөрүлүү болбойт, бирок КММ сатып алуунун баасы доллардын кунунан көз каранды, ал эми бүгүнкү күндө доллардын куну көтөрүлдү, баалардын дагы жогорулашы күтүлүүдө”, - деди ал.