Бишкек мэри Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бишкек мэри Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Айтен Рустамова баштаган өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда суу менен камсыздоо, катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу жана автобустарды сатып алууну камтыган Бишкектин коомдук транспортун өнүктүрүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, стратегиялык чараларды мындан ары ишке ашыруу жана туруктуу инфраструктурага инвестицияларды тартуу үчүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Калаа башчысы бул долбоорлордун маанилүүлүгүн айтып, конокторго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.