Сауд Аравиядагы кыргыз-сауд бизнес-форумунда бир катар документтерге кол коюлду

Сауд Аравиядагы кыргыз-сауд бизнес-форумунда бир катар документтерге кол коюлду

«Кыргызстан-Сауд Аравия Падышалыгы» бизнес–форумунун алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда макулдашууларга кол коюлдуп, В2В жолугушуулар өтүүдө. Бул тууралуу КР Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ыдайык, бизнес–форумунда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, туризм, айыл чарба жана өнөр жай жаатындагы долбоорлорду илгерилетүү сыяктуу багыттар боюнча келишимдерге жетишилди.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Сауд Аравия Падышалыгынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда 4 документке кол коюлду:

1. «Кыргызстандын шамал жана күн электр станцияларынын Ассоциациясы» –«Fas Energy»;

2. «Кыргызстандын шамал жана күн электр станцияларынын Ассоциациясы» – «Ajlan&Bros Holding Group»;

3. Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги -«Ajlan&Bros Holding Group»;

4. ЖЧК «Gimnili» - Ain Salsabilla Trading Company.