Кыргызстанда маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынган

Кыргызстанда маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынган

2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо киргизилген, анда маркаланбаган продукцияны өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу каралган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары, 2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынган. Салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 31-декабрына чейин маркаланбаган продукциянын калдыктарын маркалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө жөнүндө кодексине ылайык, колдонулган тийиштүү идентификациялоо каражаттарын кайра пайдалануу же товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү, ошондой эле тийиштүү идентификациялоо каражаттарын колдонбостон товарларды сактоо жана сатуу – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты “Текшер” системасынын www.teksher.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.