Быйыл Кыргызстан чет өлкөлөрдө өтүүчү бир катар айыл чарба көргөзмөлөрүнө катышат

Быйыл Кыргызстан чет өлкөлөрдө өтүүчү бир катар айыл чарба көргөзмөлөрүнө катышат

Быйыл Кыргызстан чет өлкөлөрдө өтүүчү бир катар айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинин экспортту өнүктүрүү жанаилгерилетүү координациялык бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы КР Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги экспортту өнүктүрүү багытында иш-чараларды жүргүзөт.

"Экспортту илгерилетүү боюнча чет өлкөлөрдө мисалы, Доха шаарындагы, Катардагы "Агритек" сыяктуу бир катар көргөзмө иш-чаралары пландалууда. Ал жерде адистештирилген айыл чарба көргөзмөсү өтүп, ага бал, кургатылган мөмө-жемиш, эт жана башка ушул сыяктуу продукциялары менен ата мекендик компаниялар чакырылган", - деди Тилек Жумалиев.

Мындан тышкары, бөлүм башчы үстүбүздөгү жылы КЭРде "шанхай-ЭКСПО өтө турганын, ал жакка дагы ата мекендик өндүрүшчүлөр чакырылган деп белгиледи.

"Ошондой эле 24-февралдан 27-февралга чейин Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Ага бөтөлкөлөнгөн суу, эт, балчылык жаатындагы биздин ата мекендик өндурүшчүлөр чакырылган", - деди Жумабеков.