Түрк ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Түрк ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

КР инвестициялар министринин м.а Нурадил Баясов Түркиянын "ASKON" ишкерлер ассоциациясынын (Askon Anadolu Aslanlari Isadamlari Dernegi) президенти Орхан Айдын башчылыгындагы ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министрдин милдетин аткаруучу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берип, түрк ишкерлерин өлкөгө инвестиция салууга чакырды.

Өз кезегинде "ASKON" ишкерлер ассоциациясынын президенти Орхан Айдын Кыргызстан бир тууган өлкө экенин жана азыркы учурда эки мамлекеттин учурдагы мамилелери жаңы тепкичке чыкканын белгилеп, түрк ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча кызыгуусу жогорку деңгээлде экендигин билдирди.

Ошондой эле "ASKON" Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, эң кыска убакытта ишкерлердин Кыргызстанга сапары уюштуруларын баса белгиледи жана Кайсери шаарында өтө турган бизнес-форумга ардактуу конок катары чакырды. Отуздан ашуун өлкөнүн катышуусунда өтө турган бул сыяктуу иш-чаралар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууда мыкты аянтча болуп эсептелет.

Өз кезегинде Баясов өлкөдө инвестиция салууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн жана инвесторлорду колдоо багытында тынымсыз иштер алып барыларын айтты.

Маалымат үчүн: "ASKON" 1998-жылы түзүлгөн. Түркия боюнча 6 миңден ашуун мүчөсү бар, жалпысынан 500 миңден ашуун кишини иш менен камсыз кылат, Түркиянын ичинде 40тан ашуун филиалы ошондой эле Брюссель, Нью-Йорк, Пекин, Джидда, Джакарта сыяктуу дүйнөнүн маанилүү соода борборлорунда кеңселери бар. Жылдык товар айлануусу 17 миллиард доллардан ашат.