Жазда түрк ишкерлеринин делегациясы Кыргызстанга келет

Жазда түрк ишкерлеринин делегациясы Кыргызстанга келет

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элазыг провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Асилхан Арслан менен жолугушту.

Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле көздөлгөн максаттарды ишке ашыруу жана танышуу үчүн 2022-жылдын март айында А. Арслан баштаган түрк ишкерлеринин делегациясынын Кыргызстанга иш сапары уюштурулат.