Кыргызстан өткөн жылы 5 миң тонна балык экспорттогон

Кыргызстан өткөн жылы 5 миң тонна балык экспорттогон

Кыргызстан 2021-жылы 5 миң тоннадан ашык балык экспорттогон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Анын айтымында, департаменттин реестринде өлкө боюнча 194 балык чарба катталган.

“Республикада балыктын 6 түрү өндүрүлөт. 2021-жылы Кыргызстанда 10 миң 344 балык өндүрүлсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 5 миң 139ду түзгөн. Аталган чарба өнүгүп жаткандыктан сыртка чыгып жатат. Алсак, өткөн жылы 5 миң тоннадан ашык балык экспорттолгон. 2020-жылы 3 миң 158 тонна сыртка чыккан”, - дейт ал.

Ниязов балык негизинен КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатканын маалымдады.