2021-жылда «Кыргыз фондулук биржасында» 9 млрд сомго 2 миңден ашуун бүтүм катталган

2021-жылда «Кыргыз фондулук биржасында» 9 млрд сомго 2 миңден ашуун бүтүм катталган

2021-жылы «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын (КФБ) соода аянтында жалпы суммасы 9,74 млрд сомго 2 миң 32 бүтүм катталган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КФБнын президенти Медетбек Назаралиев маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде баалуу кагаздары менен 100дөн ашык компания катталган, анын ичинен 1 миң 178 бүтүм 9,4 млрд сомдук акциялар, 830 бүтүм корпоративдик облигациялар 343,16 млн сом, мамлекеттик баалуу кагаздар менен 24 бүтүм 22,75 млн сом суммасында болгон. 2021-жылдын 31-декабрына карата КФБнын листингинде (расмий тизме) 26 компаниянын баалуу кагазы болгон.

«2021-жылдын ичинде листингдик компаниялардын баалуу кагаздары менен 1108 келишимдер түзүлгөн, алардын соода көлөмү 3,73 млрд сомду түзгөн (бул корпоративдик баалуу кагаздар менен сооданын жалпы көлөмүнүн 38,39% түзөт). Өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу листинг секторунда 2021-жылга соода көлөмүнүн көрсөткүчү 994,24 миллион сомго азайган, 2020-жылы листингдик компаниялар боюнча соода көлөмү 4,72 миллиард сомду түзгөн», - деди Назаралиев.

2021-жылдын ичинде листингден тышкары компаниялардын баалуу кагаздары менен жалпы суммасы 5,99 млрд сомго 900 бүтүм катталган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу катталган операциялардын көлөмү 1,1 миллиард сомго азайып, 2020-жылы 7,099 миллиард сомду түзгөн.

Ал листингди өнүктүрүү алкагында КФБ компанияларга инвестицияларды тартуу жана фондулук биржада листинг аркылуу фондулук рынокко чыгуу максатында коммерциялык банктардын, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн жолугушууларды жана семинарларды уюштургандыгын кошумчалады.