Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 4,3 млрд долларды түздү

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 4,3 млрд долларды түздү

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-августунда 4,3 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 19,7 пайызга көбөйгөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 19,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 41,4 пайызга жогорулады.

КРнын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-августунда 2,0 млрд АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-августуна салыштырганда 25,8 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 29,9 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 24,5 пайызга жогоруланган.

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Россияга (65,4 пайыз) жана Казакстанга (32,2 пайызга) туура келди.