2021-жылдын I кварталында калктын номиналдык акчалай кирешеси 127 млрд сомду түзгөн

2021-жылдын I кварталында калктын номиналдык акчалай кирешеси 127 млрд сомду түзгөн

Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2021-жылдын I кварталында 127 млрд сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,9 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын I кварталында керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 115 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2,4 пайызга көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөрдү жана мүчөлүк салымдарды чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын киши башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2021-жылдын I кварталында айына 6269,0 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 11,4 пайызга көбөйдү.