Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасын кабыл алды

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасын кабыл алды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-мартта Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Биналы Йылдырымды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу башында мамлекет башчысы мейманды Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы ардактуу кызматына шайланышы менен куттуктады жана ага Кыргызстанга жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүн оң баалап, уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кыргыз тараптын даярдыгын ырастады. Тактап айтканда, ал Бинали Йылдырымды Кыргызстандын Түрк Инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштыруу демилгесин колдоого чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты менен соода-экономикалык, транспорт-логистика, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түрк кызматташтыгын активдештирүү маселесин да талкуулады.

Тактап айтканда, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш катары бир тууган эки элдин кызыкчылыгында көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшоосу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде ТМУ Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым Мамлекет башчысына жылуу кабыл алуусу жана анын учурдагы ишине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бинали Йылдырым президентке ТМУнун Аксакалдар Кеңешинин негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын кийинки жыйынын ушул жылдын июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Ошону менен бирге, ал ТМУнун Аксакалдар Кеңеши Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын өткөн жылдагы Саммитинин чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтөөрүн, анын ичинде Түрк инвестициялык фондун эртерээк түзүү маселеси да бар экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда ал президент Садыр Жапаровго Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын саламын жана жакшы каалоолорун билдирди.