Мамытов Казакстан Парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту

Мамытов Казакстан Парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 10-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Түркстан шаарына келишти. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Жыргалбек Турускулов, Бейшеналы Нурдинов, Сайдулла Нышанов, Рыскелди Момбеков, Салайдин Айдаров, Шайлообек Атазов бар.

Программага ылайык, иш-чаралардын биринчи күнү Түркестан шаарындагы Ахмад Яссавинин музей-мемориалдык комплексинде зыярат кылуу менен башталды. Делегация "Этно-ауыл"комлексинде, "Улуу Дала Эли" борборунда болушуп, казак элинин каада-салты, үрп-адаты жана маданияты менен жакындан таанышты. Андан соң депутаттар "Фараб" китепканасында болушуп, төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин атынан аталган китепканага Чыӊгыз Айматовдун 8 томдук чыгармалар жыйнагын белекке тапшырды.

Ушул эле күнү төрага Талант Мамытов Казакстандын Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Ал кыргыз делегациясын жылуу тосуп алганына ыраазычылык билдирип, Түркстан шаарында чоӊ өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. "Казак-кыргыз – тилибиз, динибиз, тарыхыбыз, маданиятыбыз да бир элдербиз. Мындан ары да достугубуз бекем болсун. ТүркПАнын 10-пленардык жыйынын ийгиликтүү өткөрүп алышыӊыздарга тилектешмин", - деди Т.Мамытов.

Ал эми Нурлан Нигматулин Талант Мамытов менен биринчи жолу Вена шаарындагы жолугушууда таанышып, бүгүн дагы көрүшүп жатканына кубанычта экенин билдирди. "28-ноябрдагы парламенттик шайлоо ийгиликтүү өтүшүн каалайм. Ар дайым тыгыз иштешип, ушунтип тажрыйба алмашып туралы", - деди ал.

ТүркПАнын Х пленардык жыйыны бүгүн, 28-сентябрда өтөт.