Кыргызстан жана Түркия ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан жана Түркия ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

2021-жылдын 22-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен «Түрк үйүнүн» жаңы имаратында жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелердин бардык спектрин талкуулашты, жакынкы, орто жана узак мөөнөттүү келечекте эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Тараптар Түркиядагы Кыргызстандын жарандарынын абалы боюнча маселени дагы талкуулашты.

БУУнун органдарына, анын ичинде 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин өз ара колдоо жана андан ары илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Афганистандагы кырдаал боюнча да пикир алмашты. Бул контекстте Афганистан боюнча өтө турган Түрк кеңешинин министрлер кеңешинин күн тартиби талкууланды.

Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглу түрк тараптын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө терең кызыгуусун ырастады.