Президент Жапаровдун Сауд Аравияга боло турчу расмий сапарына даярдыктар талкууланды

Президент Жапаровдун Сауд Аравияга боло турчу расмий сапарына даярдыктар талкууланды

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравиянын элчиси Ибрахим Аль Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, республика Сауд Аравия менен келечекте ырааттуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Аравия Королчулугуна расмий сапарына карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Улукбек Марипов билдиргендей, келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот жана 2022-жылды Кыргыз Республикасы жана Сауд Аравия Королчулугу элдеринин ортосундагы Достук жылы катары жарыялоону сунуштады, анын алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар кыл иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Сауд Аравия Королчулугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Аль Ради министрлер кабинетинин башчысынын демилгесин колдоого алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.