Жапаров: КР жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык аракеттерге салым кошууга кызыкдар

Жапаров: КР жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык аракеттерге салым кошууга кызыкдар

«Биздин өлкө жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык аракеттерге өз салымын кошууга кызыкдар жана ар дайым даяр. Мындан улам, Кыргызстан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин жылдырды. Шайлоодо БУУга мүчө-мамлекеттерди бизди колдоого чакырам», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда.

Садыр Жапаров кийинки жылы региондогу Кыргызстанга коңшу өлкөлөр да БУУга кошулгандыгынын 30 жылдыгын белгилей тургандыктарын кошумчалады.

«Кыргызстан коңшулар менен көп кылымдык мамиледе ар дайым тең укуктуу диалогду жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты, бардык пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү жактап келет. Бул маанилүү датаны эске алуу менен өз ара кызматташтыгыбыздын жыйынтыктарын чыгаруу жана Борбордук Азиянын коопсуздугу менен өнүгүүсүнүн келечекке болгон биргелешкен планын белгилеп алуу максатында 2022-жылы Борбордук Азия – БУУ саммитин өткөрүүнү сунуштайбыз. Саммитти Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусу маалында уюштурууну сунуштайбыз. Урматтуу, БУУнун Башкы ассамблеясынын Төрагасы жана Башкы катчысы, кийинки жылдын иш графигине катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырууңуздарды өтүнөм», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.