Марипов менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Марипов менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улукбек Марипов россия элине Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетине адам өлүмү менен коштолгон куралдуу кол салууга байланыштуу көңүл айтты. Ал кырсыктын натыйжасында жабыркагандарга тез арада айыгып чыгуусун каалады.

Сүйлөшүү алкагында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтүүчү өкмөт башчылар деңгээлиндеги жолугушууларды талкуулады.

Улукбек Марипов ошондой эле өз кесиптешин 2021-жылдын 17-19-сентябрында өткөн Россия Федерациясынын Федералдык жыйыны Мамлекеттик Думасына шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.