Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт

«Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда.

Мамлекет башчысы жакында Кыргызстандын азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына бир жыл толорун эске салды.

«Бир жыл ичинде биз коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алдык. Ошондой эле, Президенттик шайлоонун жана Конституция боюнча референдумдун жыйынтыктары эл аралык коомчулук тарабынан, анын ичинде ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун байкоочулары тарабынан таанылды.

Алдыда бизди 28-ноябрга белгиленген улуттук парламентке шайлоолор күтүп турат. БУУга мүчө-мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды өз байкоочуларын жиберүүгө чакырам. Шайлоо убагына өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал толугу менен турукташып калат деп ишеним артабыз», - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.