Кыргызстан менен Литванын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Литванын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды

2021-жылдын 15-сентябрында КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров литва тараптынөтүнүчү боюнча Литва Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Гвидас Керушаускасты кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Литванын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашты, тактап айтканда, Башкы консул 2021-жылдын октябрында Литванын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Г.Васюлистин Бишкекке боло турган иш сапары тууралуу маалымдап, литванын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрүүнү жана Кыргызстандын экономикалык ведомстволору менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин илгерилетүү максатында бир катар жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат.

Министрдин орун басары А.Мадмаров Литванын жогорку деңгээлдеги делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасында пландаштырылган ЕБ-БA биринчи экономикалык форумуна чакырды жана алардын катышуусуна үмүттөнө тургандыгын билдирди.

COVID-19 менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардамды тартуу боюнча иштин алкагында Литва тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы вакцина түрүндө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө литвалык дипломат учурда литвалык тарап венгриялык Wizzair авиакомпаниясы тарабынан Вильнюс - Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесин карап жатканын айтты.

Тараптар эл аралык уюмдардагы шайлоолордун алкагында өз ара колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты. Тактап айтканда, министрдин орун басары А.Мадмаров 2023-2025-жылдар мезгилине БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.