Душанбеде ЖККУнун тышкы иштер, коргоо министрлери жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйыны болду

Душанбеде ЖККУнун тышкы иштер, коргоо министрлери жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйыны болду

15-сентябрда Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин, коргоо министрлеринин Кеңешинин жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Комитетинин биргелешкен жыйыны болду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты.

Жамааттык коопсуздуктун коркунуч жана чакырыктарына, анын ичинде Афганстандагы кырдаалды да эске алып биргелешип реакция кылуу чараларын талкуулашты. Уюмдун өнүгүүсүнө жана ЖККУ алкагындагы кызмататштыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

2021-2022-жылы ЖККУда төрагалык Армения Республикасына өтөт.