Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барат

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жамааттык (ЖККУ) коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-ммалекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында, Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердүүлүгүнүн алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

Жыйыныктоочу декларацияга, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлары күтүлөт.

Андан соң 17-сентябрда Тажикстан Республикасынын төрагалыгында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

ШКУ отурумунун күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Бул отурумдун жыйынтыгы боюнча ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларацияны кабыл алуу пландалууда, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө.

Афганстанда болуп жаткан окуяларга, ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча жолугушуусуна катышат. Ошондой эле саммит талааларында эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

«Аны менен бирге, Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн көп тараптуу аянтчалар алкагындагы кызматташууга чоң маани берээрин белгилейбиз.
Кыргызстандын ЖККУ жана ШКУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири», — деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.