Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди. Жарлыкка Жапаров кол койду

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди. Жарлыкка Жапаров кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат:

Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине:

— Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;

— өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү.