Кыргызстандын элчиси Казакстандын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Казакстандын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кечээ, 8-сентябрда Кзакстандын президентинин Нур-Султан шаарында жайгашкан «Акордо» резиденциясында Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев президент Касым-Жомарт Токаевге ишеним грамотасын тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттын жүрүшүндө Дюшекеев Казакстандын башчысы Токаевге КР президенти Садыр Жапаровдун саламын айтты.

Ошондой эле, аземден кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында брифингдин алкагында Дюшекеев өз ишинде эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана ар тараптуу кызматташуунун негизинде эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде, Токаев салтанаттуу сөзүндө Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Атап айтканда, ушул жылдын март айында Кыргызстандын президенти С.Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктары кызматташтыкты кеңейтүүдө негизги таяныч болору белгиленди.

Мындан тышкары, Казакстандын башчысы 2022-жылдын башында Бишкекке жооп иретинде баруу ниетин ырастады.

Иш-чаранын соңунда Казакстандын президенти К.Токаев Кыргызстандын президенти С.Жапаровго эң жакшы каалоолорун айтты.