Бишкекте психотроптук заттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Бишкекте психотроптук заттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Бишкекте ири өлчөмдө психотроптук заттарды сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "В" Интернет дүкөнү Telegram`дагы өз каналы аркылуу баңги жана психотроптук заттарды Бишкек шаарынын аймагында "кыстырма" деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып келген. Дүкөндүн Telegram мобилдик тиркемесинде 1000ден ашык катталуучусу болгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери “В” интернет-дүкөнүнүн уюштуруучусу, оператору жана курьер болгон 1999-жылы туулган М.А. аттуу жаранды аныкташып, 12-апрелде Бишкектен кармашкан. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар катылган жашыруун жерлердин даректерин көрсөтүп берген.

Кийин жашыруун жерлерден табылган заттарга соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, алар “метамфетамин” психотроптук зат экени аныкталган.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын башка интернет-дүкөндөр менен кылмыштуу байланыштарынын бар экендиги боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.