Соң-Көл жайлоосунда канадалык туристтер куткарылды

Соң-Көл жайлоосунда канадалык туристтер куткарылды

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Соң-Көл жайлоосунда канадалык туристтер куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 3-майда 4 эркек киши - J.Н., E. Z. аттуу канадалык жана Ш.Т., Т.Т. аттуу кыргызстандык жарандар 30-апрелде Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган.

Жогоруда аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылып, унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган.

Абалдары туруктуу. Куткаруучулар тыгылып калган унааны чыгарып берип, жардам көрсөтүшкөн.