Олимпиада 2020. Суучул Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды

Олимпиада 2020. Суучул Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов бүгүн, 27-июлда брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышты.

Бул аралыкка жалпы 40 спортчу катышкан. Алар 5 тайпага бөлүнүп күчүн сынашты. Петрашов өзүнүн тайпасында 2 мүнөт 10,07 секунд убакытта биринчи келди.

Бирок жалпы көрсөткүчтө кыргызстандык спортчу 18-орунду ээледи. Жарым финалга өтүү үчүн Петрашовго 0,12 секунд жетпей калган.

Эскерте кетсек, Денис Петрашов буга чейин брасс ыкмасында 100 метр аралыкка сүзүп, 27-орунду ээлеген.