Жалал-Абад облусунун башчысы Сузак районунун сел алган Чаңыр-Таш айылына барды

Жалал-Абад облусунун башчысы Сузак районунун сел алган Чаңыр-Таш айылына барды

Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын сел алган Чаңыр-Таш айылына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-июлда кечке жуук Кара-Дарыя айыл аймагында жаап өткөн жамгырдан кийин кокту-колоттон сел келген. Анын кесепетинен Чаңгыр-Таш айылындагы сел дамбалары жарылып, 500гө жакын турак үйдү суу каптаган. Селден 6 жашар кыз каза болгон.

Азыркы учурда райондогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 150дөн ашуун, 40 милиция кызматкери, 11 атайын техника тазалоо иштерин аткарууда. Мындан сырткары, эки медициналык бригада иштөөдө.

"Облус өкүлү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, келтирилген чыгымды аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн, ага жарандык коргонуунун башчысы, район акими жетекчилик кылаарын билдирди. Алгач үй-жайын суу алган тургундарга жашоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүү иштери жүрөөрүн, калыбына келтирүү жумуштарына дагы кошумча күч жана техникалар тартылаарын айтты", - деп маалымдалат билдирүүдө.

Алдыда коопсуздук үчүн авариялык абалга келген турак үйлөрдүн жашоочулары чатырларга жана мектептин спорт залына көчүрүлөт.