Марипов: Аксы районундагы өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө

Марипов: Аксы районундагы өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды.

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов кырсык орун алган аймакта тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле белгиленгендей, мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана атайын техникалары сел жүргөн жерде табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин толук көлөмдө жүргүзүп жатат.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө кырдаалдын кесепетинен сел 8 жаранды алып кеткен, алардын алтоонун сөөгү табылган, турак үйлөр да талкаланып, айрым жерлерде унаа жолу, көпүрөлөр жана башка курулуштарга зыян келтирилген.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, Баткен облусунун Баткен районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы сел кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча да чараларды кабыл алуу зарыл, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүсү жана зарыл болгон учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартуусу тапшырылды.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Министрлер Кабинетине кыска мөөнөттө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырган.