UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

Кыргызстанда биринчи жолу UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго таандык аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнири өтөт. Бул тууралуу EFC турниринин пиар-менеджери Нурпери Садырбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, башкы беттеште лиганын учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн Бусурманкул Абдибаит (Кыргызстан) уулу менен беттешет.

Мелдеш 3-августта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) өтөт. Бул иш-чарага мелдештин атайын коногу, уюмдун президенти, UFCнин жеңилбеген чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов келет.

"Жакында боло турган EFC турнири Кыргызстанда спорттун, анын ичинде аралаш мушташ спортунун өнүгүшүнө жаңы түрткү берип, анын тарыхында жаркын из калтырат жана өлкөнүн имиджин жакшыртат. Мындан тышкары, мындай иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, достук, спорттук байланыштарды орнотууга жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык жүргүзүлөт.