Казакстанда музыканын коштоосунда “Манас” эпосу айтылат

Казакстанда музыканын коштоосунда “Манас” эпосу айтылат

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Казакстанда “Манас” эпосундагы “Тайторунун окуясын” кыргыз-казак манасчылары музыканын коштоосунда айтышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эскертке кетсек, 26-29-октябрь аралыгында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө. Аталган иш-чаранын алкагында жаш манасчы Азиз Биймырза уулу жетектеген Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Программага ылайык, төкмө акындар кыргыз-казак бир туугандыгын даңазалашса, дастанчылар “Курманбек”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Аксаткын менен Кулмырза”, “Карагул ботом”, “Кожожаш”, “Акбала” дастанынан үзүндү айтышып, “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин коштоосунда “Баба мурасы” күүсү жаңырат.

Ошондой эле кыргыз- казак манасчылары биргеликте “Манас” эпосундагы “Тайтору окуясын” музыкалык композициянын коштоосунда ар башка ыкма менен аткарып, “Манас” урааны жаңырат.

“Бардык мекендештерди 28-октябрда саат 15:00дө Р.Багланова атындагы “Казакстан” борбордук концерттик залында күтөбүз. Кирүү акысыз”, - деп айтылат маалыматта.

Концерттик программа аталган театрдын чыгармачылык тобунун чет өлкөлөрдө сунушталып жаткан алгачкы программасы болуп саналат.