Өмүрбек Текебаев Бавария парламентинин президенти менен жолугушту

Өмүрбек Текебаев Бавария парламентинин президенти менен жолугушту

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бавария федералдык аймагына жасаган биринчи жумушчу сапарынын алкагында Мюнхен шаарында Бавариянын Ландтагынын (аймактык парламентинин) президенти Илзе Айгнер менен жолугушту.

Элчиликтин билдиргендей, анда Текебаев КРнын демократиялык өнүгүүсү, улуттук экономиканын приоритеттүү тармактары жана ири инвестициялык долбоорлор, Борбордук Азия чөлкөмүнүн географиялык жана геосаясий абалы, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чаралар, ошондой эле эл аралык экономикалык кризистин биздин өлкөгө тийгизген терс таасири тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Бавария федералдык аймагынын ортосундагы парламенттер аралык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле кесиптик билим берүү тармагында кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү жана негизги багыттары жана Бавария федералдык аймагында КР жарандарын ишке орноштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Соңунда элчи Текебаев Бавария парламентинин президентин иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Бул жолугушууга Кыргызстандын Бавария жана Тюрингия федералдык аймактарындагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Креммель катышты.