Сауд Аравия ЖМКлары аркылуу Кыргызстандагы туризмди алга жылдыруу пландалууда

Сауд Аравия ЖМКлары аркылуу Кыргызстандагы туризмди алга жылдыруу пландалууда

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Сауд Аравия элинин Кыргызстанга болгон кызыгуусу күндөн күнгө өсүүдө. Биздин өлкө аларды инвестиция сала турган жер катары гана эмес, популярдуу туризм багыты менен да кызыктырууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов жазды.

Анын айтымында, буга чейин Сауд Аравиясынын алдыңкы авиа ишканасынын бири менен Кыргызстанга байма-бай авиа каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүү болгон. Эми болсо сауд ЖМКлары аркылуу туризмди алга жылдыруу варианттарын каралууда.

Ал белгилегендей, Сауд Аравиясынын Мамлекеттик телерадио берүү башкармалыгынын аткаруучу директору Мохаммед бин Фахад Аль-Харти менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн теле берүү, радио берүү жана кинематография тармактары аркылуу кызматташуунун келечеги талкууланды. “Бул ресурстарды ишке киргизип, маданий жана маалыматтык алмашууну кеңейтүү менен биз Сауд Аравиясынан келген туристтердин санын да кыйла жогорулата алабыз”, - деди диломат.

Анын маалыматына ылайык, азыркы учурда Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын телерадио берүү багыты боюнча мамлекеттик мекемелеринин ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу иши пландалып жатат. “Биргелешкен аракеттер менен алар эки элди бири бирин жакшырак таанууга өбөлгө түзүп берет деп ишенем”, - жазган Марипов.