Казак тараптын жүк ташуучу унааларды текшерүү боюнча аракети тоскоолдук деп табылды – министр

Казак тараптын жүк ташуучу унааларды текшерүү боюнча аракети тоскоолдук деп табылды – министр

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унааларды текшерүү тартиби Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги тоскоолдук катары табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө казак тараптан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү салыштырмалуу ачык-айкын болуп калды.

“Биз казак тараптан унааларды текшерүү боюнча көрүлгөн аракетти тоскоолдук деп табууга жетиштик. Чечим Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтүлдү, бул бизге маалыматтар боюнча даттанууга мүмкүндүк берди.Кыргыз-казак чек арасындагы абалды талкуулоо жана жакшыртуу боюнча бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү. Бүгүнкү күндө абал салыштырмалуу ачык-айкын”, - деди ал.

Кошумчалай кетсек, 23-сентябрда Москвада КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн ЕАЭБ кеңешинин акыркы отурумунда биримдиктин алкагындагы тоскоолдуктар тууралуу маселелер каралган.