Ош шаарында кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт

Ош шаарында кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт

Бишкек, 14.09.22./Кабар/. Ош шаарында кыргыз-беларусь бизнес-форуму жана чет өлкөлөрдүн катышуусу менен көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкерлердин жолугушуусу 15-16-сентябрда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргызстан менен Беларустун өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун алкагында жана "Түштүк ЭКСПО-2022" эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеге карата уюштурулат.

Аталган форумду кыргыз тараптан КР Соода-өнөр жай палатасынын Оштогу бөлүмү жана беларусиялык тараптан "Улуттук маркетинг жана баалардын конъюнктурасы борбору" уюштурууда.

Иш-чарага Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак жана КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ошондой эле, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов, Беларустун Өнөр-жай министрлигинин, Айыл-чарба жана тамак-аш министрлигинин өкүлдөрү келиши күтүлүүдө.

Бизнес-форум 15-сентябрда расмий бөлүк менен ачылып, эки өлкөнүн компанияларынын бет ачарлары менен уланат. В2В жолугушуулар жана тематикалык сессиялар дагы пландалган.

16-сентябрда Беларустун делегациясы Ош облусундагы өнөр-жай субъекттерин кыдырып, мүмкүн болгон кызматташуунун жолдорун талкуулоо пландалууда.

"Ал эми “Түштүк ЭКСПО-2022” көргөзмө-жарманкенин алкагында соода-экономикалык байланыштардын чектерин кеңейтүүгө кызыкдар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 40 алдыңкы компаниялар чогулат.

Бизнес-кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулоо үчүн Кыргызстан, Россия, Белорусь, Өзбекстан, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Индия жана Ирандан катышуучулар келиши күтүлөт. Компаниялардын ишмердүүлүгү тамак-аш өнөр жайы, айыл-чарба, курулуш, медицина ж.б. тармактарга тиешелүү", - деп айтылат маалыматта.