Кыргыз-казак чек арасындагы эки бекет убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы эки бекет убактылуу жабылат

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетинде адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар - унаа жол» өткөрүү бекетинде бүгүн саат 11:00дөн 14:00гө чейин жана 17:00дөн 20:00гө чейин, “Чоң-Капка – унаа жол” бекетинде эртең саат 19:00дөн 21:00гө чейин адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. Өткөрүү пункттары Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу жабылат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.

Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында төмөнкү өткөрүү пункттары жайгашкан: Чүй облусунда “Токмок-унаа жол”, “Кең-Булуң - унаа жол”, “Ак-Тилек- унаа жол”, “Чалдыбар-унаа жол” пункттары, Талас облусунда – “Чоң-Капка-унаа жол” пункту.