Россияда «Чыгыш-2022» командалык-штабдык машыгуусу аяктады

Россияда «Чыгыш-2022» командалык-штабдык машыгуусу аяктады

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Россиянын «Сергеевский» полигонунда КР коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун катышуусунда «Чыгыш-2022» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуунун соңку этабында шарттуу душмандын негизги тобун артиллериянын, армиянын авиациясынын жана түз ок атууга бөлүнгөн каражаттардын жардамы менен талкалоо боюнча тапшырмалар иштелип чыкты.

Эскерте кетсек, «Чыгыш-2022» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин РФ Чыгыш аскер округунун аймагында жүргүзүлгөн. Ага 50 миңден ашуун аскер кызматкерлери, 5 миңден ашык курал-жарак жана аскердик техника тартылган.

Маневрлерге ЖККУ, ШКУ жана башка мамлекеттердин аскер контингенттери жана байкоочулары катышты. Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнөн аскердик контингенти катышты.