Касымалиев: Сауд Аравия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү болуп саналат

Касымалиев: Сауд Аравия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү болуп саналат

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы Сауд Аравиянын элчиси Ибрахим Аль Ради менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Сауд Аравия араб өлкөлөрү арасындагы Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү болуп саналат.

«Биздин өз ара кызматташтыгыбыздын жогорку динамикасы 2022-жылы өзгөчө мааниге ээ, анткени быйыл биз Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар мындан ары дагы кеңейтилет деп ишенем. Кыргыз Республикасы экономиканын ар кыл тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр», - деди ал.

Өз кезегинде Ибрахим Аль Ради Кыргызстандын жарандарын Көз карандысыздык менен куттуктады жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын улантылышына ишенимин билдирди.

«Акыркы мезгилде Сауд Аравия жана Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсү байкалууда. Маанилүү окуялардын бири катары Кыргызстанга Сауд Аравиядан келген туристтердин санынын көбөйүшү болду. Бул жакшы иштердин башталышы экенине жана алдыда эки мамлекеттин кызыкчылыгына туура келген көптөгөн долбоорлор бар экендигине ишенем», - деп баса белгиледи элчи.