Айбек Молдогазиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Айбек Молдогазиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бугүн, 1-сентябрда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Молдогазиев Кыргызстандын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы глобалдык деңгээлдеги демилгелери жөнүндө айтып берди.

"Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2023-2027-жылдарды “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо жөнүндөгү революциясынын долбоору боюнча иш алып барууну пландап жатат. Кыргызстандын тоолор жөнүндөгү демилгелерине колдоо көрсөтүү максатында 2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме өтөт. Бул иш-чарага БУУ жана анын мекемелеринин жогорку деңгээлде катышуусу маанилүү", - деп белгиледи Молдогазиев.

БУУнун туруктуу координатору Антье Граве Кыргызстандын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерин жактаарын жана колдоорун белгиледи.

Алдыдагы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин маанилүүлүгүн белгилөө менен бирге, бул олуттуу иш-чараны даярдоо боюнча кызматташууга даярдык билдирилди.

Мындан тышкары, Антье Граве аталган резолюция кабыл алынган соң, аны практикалык жактан ишке ашырылууга БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жигердүү катышуусу чоң мааниге ээ экенин билдирди.