Италиянын Неаполь шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Италиянын Неаполь шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Италиянын Неаполь шаарынын башкы аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев, Неаполь шаарынын вице-мэри Лаура Лието, Касерта шаарынын мэринин башкы кеңешчиси Винченцо Баттарра, Неаполь, Рим, Болонья, Касерта, Салерно, Римини жана Кальяри (Сардиния аралы) шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана элчиликтин кызматкерлери катышты.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандын Италиядагы элчиси Т.Базарбаев жалпы чогулгандарды майрамы менен куттуктап, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын, үрп-адатын, тилин сактоонун маанилүүлүгүн эске салды.

Өз кезегинде, Неаполь шаарынын вице-мэри Л.Лието жана Касерта шаарынын мэринин башкы кеңешчиси В.Баттарра Кыргызстан менен Италиянын маданияттар аралык байланыштарын орнотууга Кампания аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын кошкон салымы зор экендигин белгилешти.

Майрамдын программасында “Манас” элдик эпосу, кыргыз фольклорунун чыгармалары, комуз чертүү, кыргыздын улуттук бийлери, ошондой эле кыргыз элинин салттуу жашоосу, маданияты жана каада-салттары тууралуу баяндар көрсөтүлдү.

Ошондой эле Кампания аймагындагы кыргыз диаспорасы салтанаттуу кабыл алуу уюштуруп, анда белгилүү кыргыз сүрөтчүсү А.Шаршекеевдин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болду.