Маданият министрлиги менен Якутиянын Тышкы байланыштар министрлиги кызматташтыкты талкуулады

Маданият министрлиги менен Якутиянын Тышкы байланыштар министрлиги кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Россия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасынын тышкы байланыштар министринин орун басары Сергей Хатылыков менен жолукту.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Максим Аммосовдун 125 жылдыгынын урматына пландаштырылган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Максим Аммосовдун мааракесине, ошондой эле Якут Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууда Саха Республикасынын аткаруу органдарына көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Сергей Хатылыков расмий бөлүктү, маданий иш-чаралардан жана спорттук мелдештерден турган программанын негизги компоненттерин санап, анын ичинде якут тарап Кыргызстандагы Саха Республикасынын маданият күндөрүн якут фольклордук топторунун гастролдору менен, ошондой эле тараптардын командаларынын ортосунда волейбол боюнча мелдештерди өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле тараптар иш-чаралардын форматтарын жана өткөрүлүүчү жерлерин талкуулап, мөөнөтүн тактоого макулдашышты.

Мындан сырткары, тараптар спорттук кызматташуу маселелерин, анын ичинде юбилейлердин алкагында бир катар спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Якутия (РФ) ортосундагы спорттук мамилелер жылдан жылга динамикалуу өнүгүп жаткандыгы тууралуу жалпы пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында министрдин орун басарлары маданий жана спорттук иш-чаралардын бардык уюштуруу маселелерин иштеп чыгууга макулдашышты.