Бүгүн президенттин катышуусунда Кыргызстан – КМШ ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт

Бүгүн президенттин катышуусунда Кыргызстан – КМШ ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт

Бишкек, 30.08.22. / Кабар/. Бүгүн, 30-аввгустта Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт. Кыргызстандын курама командасынын катарында президент Садыр Жапаров да ойной турганы белгилүү болду.

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Кирүү акысыз.