Жаманкулов: Жаштар форуму ЕАЭБ жаштарынын кызматташуусуна жакшы аянтча түзөт

Жаманкулов: Жаштар форуму ЕАЭБ жаштарынын кызматташуусуна жакшы аянтча түзөт

Чолпон-Ата, 25.08.22. /Кабар/. Чолпон-Атадагы КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Келечек" I жаштар форуму жаш муундардын кызматташуусуна жакшы аянтча түзөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов форумдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, ошондой эле Кыргызстандын төрагалыгында өтүүдө.

“Форум туризм, креативдүү экономика, билим берүү жана маданият сыяктуу тармактарды камтыйт. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш муундары үчүн жакшы кеңеш берүүчү жана билим берүү платформасын түзүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Жаштар форумунун жыйынтыгында инвестициялык долбоорлор тандалып алынып, өкмөт башчыларына көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтүүдө.