Кыргызстанда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы 1,8 эсеге өстү

Кыргызстанда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы 1,8 эсеге өстү

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 594 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйүү менен 46,1 млрд сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 27,7 млрд сомду түздү жана 37%га өстү.

2022-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 66% пайда алышты, ал эми 13,5% - чыгаша алды. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 18,4 млрд сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,8 эсеге (8,2 млрд сомго) көп. Пайданын өсүшү коммерциялык банктар (6,5 млрд сомго) жана Улуттук банкы менен (1,7 млрд сомго) камсыздалган, бул чет өлкөлүк валюта операциялары боюнча кирешелеринин көбөйүшү себеп болду.

2022-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 217 миллиардтан ашык сомду түздү. Банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна - 14% туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25,6%), айыл чарба (20%), керектөө муктаждыктары (17%), ипотека (10%) жана курулуш (7%) болуп саналды.