Ош Япониянын Осака шаары менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Ош Япониянын Осака шаары менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. 22-августта Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов Кыргызстандын Япониянын Осака шаарындагы ардактуу консулу Бунно Такаси менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Камчыбек Досматов атайын иш сапар менен Ош шаарына келгендиги үчүн Бунно Такасиге калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун жана шаардык мэриянын атынан ыраазычылык билдирип, 3000 жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы, стратегиялык өнүгүү пландары жөнүндө маалыматтар менен бөлүштү.

Ошону менен бирге Япония өлкөсүнүн өнүккөн шаарлары менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси көтөрүлдү.

Ардактуу консул Бунно Такаси Кыргызстанда экинчи шаар болгон Ош шаары менен Японияда экономикалык кубаттуулугу жактан экинчи шаар болуп эсептелген Осака шаарынын окшош жактарын белгилеп, эки шаардын ортосунда достук мамилелерди орнотууга дипломатиялык корпустар менен макулдашуу менен өз салымын кошуу ниетин билдирди.

Иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин алдында түзүлгөн “Япон борборунун” ишмердүүлүгү менен таанышып чыккандыгын белгилеп, аталган борбордо тил үйрөнүп жаткан жаштарга билимин Япониянын алдыңкы окуу жайларында улантууга колдоо көрсөтүлөрүн айтты.

Ошондой эле, “Fieldon” компаниясынын башкы директору Сейко Хамакаваны тааныштырды. “Fieldon” компаниясы Кыргызстанда өндүрүлгөн балды Япония өлкөсүнө экспорттогон алдыңкы компаниялардын бири жана экспорттун көлөмүн жогорулатууга ниеттенип жатышкандыгын билдиришти.