Россиядагы жол кырсыгы. Азербайжандын премьери кыргыз элине көңүл айтты

Россиядагы жол кырсыгы. Азербайжандын премьери кыргыз элине көңүл айтты

Бишкек, 22.08.22 /Кабар/. Азербайжандын премьер-министри Али Асадов КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Россия Федерациясындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кырсыкка байланыштуу Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, жалпы Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Али Асадовдун көңүл айтуу телеграммасында.