Ислам оюндары: Кыргызстан командалык көрсөткүчтө 9-орунга илинди

Ислам оюндары: Кыргызстан командалык көрсөткүчтө 9-орунга илинди

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндары аяктап, Кыргызстан жалпы 31 медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты.

Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту: 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Белгилей кетсек, салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.