Улан Ниязбеков ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды

Улан Ниязбеков ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды.

Ведомстводон билдиргендей, Өзбекстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында 17-18-августта Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер
жана коомдук коопсуздук министрлеринин 4-жыйыны өтөт.

Аталган кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, ШКУга караштуу байкоочу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде Интерполдун, БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын, КМШга катышкан мамлекеттердин жана КМШнын террорго каршы борборунун аймагында Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуулуктун башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүү ишин координациялоо боюнча бюронун делегациялары катышат.

Кеңешмеде эл аралык жана аймакттык коопсуздук, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана башка маселелер талкууланат.